Бишкектеги көчөлөрдүн биринин аты алмашат

Бишкектеги Чолпон-Ата көчөсү эми Чокон Валиханов атындагы көчө болуп аталат. Мындай чечим Бишкек шаардык кеңештин бүгүнкү, 2-апрелдеги, жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Бишкек Башкы архитектурасынын жетекчиси Алмаз Абдыкаров өз сөзүндө көчөнүн атын алмаштыруу Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык келишиминде каралганын белгиледи. Ал ошондой эле ушул жумада Астанадагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты бериле турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД