Бектен Сыдыгалиев: Коррупционерлер түрмөдө отуруш керек

УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматынын директору Бектен Сыдыгалиевдин "Жаңы Агым" гезитине берген маалыматы боюнча, 2012-жылы 298, 2013-жылдын алгачкы 3 айында 54 коррупцияга багытталган кылмыш ишин козгогон. Былтыркы жылы 214 аткаминер кылмыш жоопкерчилигине тартылса, үстүбүздөгү жылдын 3 айында алардын саны 13кө жеткен. Аталган чиновниктердин ичинен 32си соттолгон. Алардын арасында сот, прокуратура органдарынын да кызматкерлери бар. 2012-жылы козголгон кылмыш иштеринен мамлекетке кайтарылган чыгымдар 1 млрд. 736 млн. сомду түзсө, 2013-жылы 404,3 млн. сомду түзгөн.

Сыдыгалиев гезиттин суроолоруна жооп берип жатып, көп учурда сот органдары жемкорлукка айыпталып жаткан адамдардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып, же келтирилген чыгымдардын ордун толтуртуу менен гана чектелип жатканын айтты. "Коррупционерлер түрмөдө отуруш керек. Эгер алар үй камагына чыгарылган болсо тергөөнүн жүрүшүнө басым жасашат. Жыйынтыгында күбөлөр баштапкы көрсөтмөлөрүн өзгөртүп, жемкорлор суудан кургак чыгып кетишүүдө. Андыктан сот реформасын токтоосуз түрдө коррупцияга каршы күрөш менен параллелдүү түрдө жүргүзүшүбүз керек", - деди.

Сыдыгалиев коррупциянын укук коргоо органдарында да гүлдөгөнүн айтып төмөнкүдөй мисал келтирди. Өткөндө 18 жашка толо элек кыздан жол эрежесин бузгандыгы үчүн МАИ кызматкери 12 миң сом талап кылыптыр. Тигил кыз анча акчам жок десе соодалашып отуруп, 4 миң сомго түшүрүшөт. "Анан баягы МАИчи бул акчаны кесиптештериме берем, сени менен мейманканадан эсептешем деп опузалаптыр. Бул иш боюнча тергөөнү аталган кызматка өткөрүп бергенбиз. Учурда ички териштирүү жүрүп жатат. Эми тартип сакчылары пара талап кылганы аз келгенсип, жаш кыздарды жыныстык катнашка мажбурлаганы бул догурунгандыктын жеткен чеги да", - дейт Сыдыгалиев.

Эске сала кетсек, 2012-жылы эл аралык республикалык институттун тапшыруусу жана ЮСАИДдин каржылоосу боюнча Baltic Surveys/The Gallup Organizatıon компаниясы тарабынан Кыргызстанда жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоого ылайык, жарандардын ою боюнча паракорчулук өнүккөн структуралардын катары төмөнкүдөй: МАИ 96%, милиция 95%, билим берүү 92%, бажы 90%, сот 89%, Башкы прокуратура 87% жана салык кызматы 96%.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД