Жогорку соттун референти пара менен кармалды

Башкы прокуратурага Жогорку соттун кызматкеринин үстүнөн арыз түшкөн. Ал кызматкер аялдын Мордовияда жазасын өтөп аткан баласынын пайдасына бир маселени чечип берүү үчүн 200 доллар пара талап кылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштыруу башкармалыгынын кызматкерлери 9 600 сом пара алып аткан жеринен Жогорку соттун референтин кармашты.

Кечээ, 2-апрелде, кылмыш кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД