Депутаттар, ырчылар, журналисттер волейболдон күч сынашат

Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы спорттун волейбол түрүн коомчулукка жайылтуу жана элди сергек жашоо мүнөзүнө үндөө максатында депутаттардан, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн, массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринен жана федерациянын жетекчилигинен түзүлгөн 4 команда ортосунда турнир уюштуруп жатат. Бул иш-чара учурда жүрүп жаткан волейбол боюнча Кыргызстандын биринчилигинин акыркы күнүндө, тагыраак айтканда, 5-апрелде Кожомкул атындагы спорт ордосунун залында саат 14:00дө башталат. Жогорку Кеңеш командасында депутаттардын намысын Алтынбек Сулайманов, Улукбек Кочкоров, Нурбек Алимбеков, Бакыт Калмаматов, Акылбек Эшимов, Ахматбек Келдибеков жана башка эл өкүлдөрү коргошот.

Бек Борбиев баш болгон шоу-бизнес өкүлдөрүндө Бактияр Токторов, Алтынбек Алымов, Рустам Сагыналиев, Чыңгыз Мырзаев, Сема, Арсен, Аскат Мусабеков жана башкалар өнөр көрсөтүшөт.

Массалык маалымат каражаттарынын "Медиа" командасында "Азаттыктан" Жанар Акаев менен Али Токтакунов, "Кыргызтудейден" Сыягүл Караман, УТРКдан Мирлан Самыйкожо, "Асман пресстин" редактору Керим Айдаров, "Жаңы Агымдан" Кудрет Тайчабаров, "Мекен инфодон" Дайырбек Орунбеков жана башкалар ойношот.

Ал эми волейбол федерациясынын президенти Эльмурза Сатыбалдиев өзүнүн орун басарлары Жеңиш Кызалаков, Абдыганы Калыков, Константин Камбаров, Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучулары Андрей Анкудинов, Абдухамид Айсаходжиев жана башкаларды алып чыгат. Мелдеш эки жарым финал, 3-орун үчүн жана чемпиондукка ат салышуу менен бир күндө жыйынтыкталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД