Ырчы Каныкей "Неге сен" аттуу клуб ырын жаздырды

Кыргыз эстрадасынын өзгөчө ырчы айымы Каныкей "Неге сен" аталыштагы клуб стилинде ыр жаздырды. Ырчынын менеджери Чынгыз Төрөбековдун айтымында, ырдын сөзүн Каныкей өзү жазды, ал эми обонун DJ XTZ деген ат менен көбүрөөк таанылган музыкант Эрлан Арстанов менен биргеликте жазышты.

Бул ырга клип тартуу да планда бардыгын менеджер кошумчалай кетти.

"Неге сен" деген ыр Каныкейдин "Садагам" аталыштагы экинчи альбомуна кирет. Альбом буюрса эки айдан кийин жарык көрүп калат. Ага 10-13 ыр кирет. Майдын соңунда ырчы айым жеке концертин тартуулайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД