Эртең Бишкектин бир катар райондорунда таза суу өчүрүлөт

Эртең, 4-апрелде, саат 9-00дөн 21-00гө чейин борбор калаанын бир катар райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

"Запад-2" суу топтогучунда профилактикалык иштер жүргөндүктөн таза суу берүү убактылуу токтотулат. Ушундан улам Фучик, Фрунзе көчөлөрүндө, Манас проспектиси, Бишкек мэриясында, Ош базарында, "Берекет" ЖАКта, Улуттук банкта, "Арпа" ААКта, №2 клиникалык төрөт үйүндө, Бишкек троллейбус башкармалыгында, №1 шаардык клиникалык ооруканасында, "Бишкекункомбинатында", Бишкек эт консервалоо комбинатында таза суу берүү токтотулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД