Шахмат: Айжан Алымбай кызы Азия чемпионатынын турунда атаандашы менен тең чыкты

Кыргызстандык Айжан Алымбай кызы Азия чемпионатынын 5-турунда атаандашы менен тең чыкты. Шахмат боюнча чемпионат ушул күндөрү Бириккен Араб Эмиратынын Шардж шаарында өтүүдө.

Мелдештин расмий сайты маалымдагандай, кыргызстандык оюнчу бешинчи турда индиялык Шристи Шетт менен тең чыккан. 5-турдун жыйынтыгы менен Айжан мүмкүн болгон беш упайдын үчөөсүн топтогон. Турнирдик таблицада кыргызстандык оюнчу 36 оюнчунун ичинен 14-орунда турат.

Ал эми Айжаркын Шангыз кызы бешинчи турда өзбекстандык Сарвиноз Курбобоевага утулуп, алты баскыч төмөн түшүп, учурда турнирдик таблицада 18-орунда келе жатат.

Ал эми өспүрүмдөр арасындагы мелдеште Жохар Жаанбай уулу да бешинчи турда ирандык шахматчы Хоссейнипур Мехдиге утулуп калган. Учурда кыргызстандык оюнчу 34 оюнчунун ичинен 15-орунда келе жатат.

Белгилей кетсек, чемпионаттын алкагында шахматчылар 10 тур өткөрүшөт. Мелдеш 7-апрелде аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД