Бишкектин көчөлөрүнүн аталышын 5 жыл ичинде алмаштырууга тыюу салышты

Бишкектин көчөлөрүнүн аталышын 5 жыл ичинде алмаштырууга мораторий жарыяланды. Мындай чечим кечээ, 2-апрелдеги Бишкек шаар кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

"Көчөлөрдүн аталышын алмаштырууга тыюу салынды. Ал эми чыгаан ишмерлердин аттарын бир гана жаңы көчөлөргө ыйгарууга болот", - деп шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов билдирди.

Ал ошондой эле, аллеялардын, аянттардын, проспектилердин жана бульварлардын атын алмаштырууга тыюу салынганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД