Автандил Калмамбетов: Авариялык өчүрүүлөр уланат

"Токтогул суу сактагычындагы суунун толгонуна карабастан, электр энергиясынын авариялык өчүрүүлөрү уланат", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 3-апрелдеги, жыйынында Энергетика жана өнөр-жай министри Автандил Калмамбетов билдирди.

Анын айтымында, авариялык өчүрүү – бул электр тармактарындагы техниканын эскиргендигинен улам айласыздан көрүлгөн чара. "Өлкөдөгү электр тармагындагы абалды сиздер жакшы билесиздер. Авариялык өчүрүүлөр электр энергиясын көп колдонгон учурда эскилиги жеткен жабдыктардын чыңалгандыгынан улам болууда. Бирок, электр энергиясын пландуу өчүрүү болбойт",- деди Калмамбетов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД