Бишкек шаардык кеңештин үчүнчү жыйыны саат 23-00гө чейин созулду

2-апрелде болгон Бишкек шаардык кеңештин кезектеги үчүнчү жыйыны түнкү саат 11лерге чейин уланды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаттары "ВБ"га билдирди.

Жыйындын күн тартибинде 19 маселе коюлган. Анын ичинде 2013-жылдын бюджетин кабыл алуу, социалдык тамактануу департаментинин ишинин сапаты, коомдук транспорттун абалын жакшыртуу үчүн Европалык кайра куруу жана өнүгүү банкынын насыясынын шарттарын кароо бар болчу.

Эскертсек, шаардык кеңештин буга чейинки кезексиз жыйыны 11-мартта өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД