Сузак районунда 7 жашаар бала үйүн өрттөдү

Сузак районунда 7 жашаар бала үйүн өрттөдү. Бул тууралуу ӨКМдин кызматкерлери маалымдашты.

Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, Достук айылында турган 7 жашаар бала үйдө жалгыз калган. Бөлмөнүн ичинде ширеңке менен ойноп жатып, үй өрттөнүп баратканын дароо байкаган эмес. Бирок, үйдөн тышка качып чыгууга жетишкен. Өрт өчүрүүчүлөр келгенде, оттун жалыны үйдүн чатырынын жарымына чейин жетип калган. ЧКМдин кызматкерлери бир саат дегенде араң өрттү өчүрүшкөн.

Өткөн бир сутка ичинде Кыргызстанда 5 өрт кырсыгы катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД