Бишкекте алдымчылык менен алектенген Казакстандын жараны кармалды

Шаардык милиция кызматкерлери алдамчылык менен алектенген 23 жаштага Казакстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, алдамчы курмандыгынын бирине арзан кир жуугуч машина менен чаң соргуч алып келип берем деп, алдын ала акчасын сураган. Колуна 800 долларды алган Казакстандын жараны изин жашырып кеткен. Кийин ал шаар милициясы тарабынан кармалган.

Тергөөчүлөр учурда анын курмандыгы болгондордун тизмесин такташууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД