Президент кыргызстандыктарды төрт тил үйрөнүүгө чакырды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-апрелде, И.Раззаков атындагы КМТУга болгон иш сапарында бардык жарандарды кыргыз тилин жок дегенде күнүмдүк турмушта колдонуу деңгээлинде үйрөнүүгө чакырды.

Анын айтымында, Москвада көчө шыпыргычтан эң аз дегенде 850 орус тилиндеги сөздү билүүнү талап кылып атса, Кыргызстанда да ар бир жаран тийиштүү көлөмдө кыргыз тилиндеги сөздөрдү билиши керек.

Ошол эле убакта мамлекет башчы мамлекеттик тилге дароо өтүү талабын коюп аткандарды сындады. Президенттин айтымында, кыргыз тилин үйрөтүүгө даярдык керек жана керектүү китептер да чыгарылышы кажет.

Атамбаев андан сырткары кыргызстандыктарды орус тилин билүүсү керектигин айтып, англис жана немис тилдерин да үйрөнүүгө чакырды.

Ал 57ге чыкса да өз алдынча англис тилин үйрөнүп атканын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД