Электр энергиядагы бир жылдык жоготуу 2 млрд сом деп бааланды

Электр энергиядагы бир жылдык жоготууларды акча менен эсептегенде 2 млрд сом болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 3-апрелдеги, жыйынында энергетика жана өнөр-жай министри Автандил Калмамбетов билдирди.

Анын айтымында, техникалык жана коммерциялык жоготуу 21%ды түзөт. Техникалык жоготууларды азайтуу үчүн жабдыктарды жаңылоо керек.

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова: "Электр тармагында Алексей Ширшов түзүп кеткен система иштеп аткан жокпу?" - деп кызыкты.

Калмамбетов кВт сааты бир центтен сатылган схема 2010-жылы убактылуу өкмөттүн келиши менен эле жоюлганын билдирди. "Бүгүнкү күнү бөлүштүрүүчү компаниялар аркылуу электр энергиясынын бир кВт сааты 49 тыйын",- деди ал.

Жолдошова коңшу Кытайда эгер электр энергиясындагы жоготуу 10%дан ашса, профилдик ведомствонун жетекчиси кызматтан алына турганын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД