Банктарды күрөөгө коюлган мүлктү базар баасында сатууга милдеттендиришет

Банктарды кредиторлор күрөөгө койгон мүлкүн базар баасы менен сатуусун милдетендиришет. Мындай мыйзам долбоорду бүгүн, 3-апрелде, парламенттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Эркингүл Иманкожоева алып чыкты.

Аны айтымында, документ банкка же микрофинансылык уюмга пайыздарды төлөй албай калган кредиторлорду коргоо максатында иштелип чыккан. "Көпчүлүк учурда элдер кредит алуу үчүн өздөрүнүн жалгыз үйүн күрөөгө коюшат дагы пайыздарды төлөй албай, жалгыз байлыгынан ажырашат. Баа берүүчүлөр көпчүлүк учурда күрөөгө коюлган үйдү базар баасынан төмөн баалашат. Ошондо, 10 миң доллар кредит алуу үчүн 50 миң долларлык үйлөрүн алдыртып ийип жатышат. Эгер сунушталып жаткан мыйзам долбоор колдоого алынып, иштеп калса, анда кредиторлор пайызды төлөө үчүн үйүн сатып, карызынан кутулуп, калган акчасына башка турак сатып ала алат", - деди Иманкожоева.

Депутаттарыдын көпчүлүгү бул мыйзам долбоорду колдошту. Бирок, кээ бирлери мындай норма киргизиле турган болсо, каржы уюмдары жеке жактарга кредит берүүдөн баш тартышы толук ыктымал экендигин эскертишти.

Талкуунун соңунда мыйзам долбоор добуш берүүгө чыгарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД