Япония-Россия-Казакстан-Кыргызстан автожүрүшү старт алды

1-апрелден баштап, кыргызстандыктар уюштурган Япония-Россия-Казакстан-Кыргызстан автожүрүш старт алды. Бул тууралуу Япониядагы ТРК Central Asia-TV нин шеф редактору Жээналы Камбаралиев кабарларды.

Анын айтымында, кыргызстандыктар Владивосток портуна деңиз аркылуу келишип, каттоо бүткөндөн кийин Владивосток – Хабаровск – Амур – Якутск – Северобайкальск – Братск – Красноярск – Кемерово – Барнаул – Семипалатинск - Талды-Курган – Алматы – Бишкек боюнча өз маршрутун улантышат.

Автожүрүшкө катышкандар аталган шаарларда кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен кезигишет. Жолугушууларды уюштурууда "Замандаш" ассоциациясы көмөк көрсөтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД