Драмтеатрдагы техника жана реквизиттерди инвесторлор кеңеши алып кетти

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драмтеатрындагы техника жана реквизиттерди инвесторлор кеңеши алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде, театрдын иши токтотулду деген маалыматка комментарий берип жатып, театрдын мурунку жетекчиси Борис Воробьев билдирди.

Анын айтымында, инвесторлор кеңеши спектаклдерди каржылап, аларга керектүү шаймандардын баардыгын алып берип турушчу. "Менин мыйзамсыз түрдө ишимен алынгандыгымды билген соң, реквизиттин бардыгын чыгарып кетишти", - деди экс-директор.

Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев бул билдирүүнү уккан соң: "Мунун баардыгы көз боемоочулук. Воробьев мыйзамсыз иштерди жасап келген", - деп айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД