Малды идентификациялоо этап-этабы менен жүргүзүлөт

Жогорку Кеңештин бүгүн, 3-апрелдеги пленардык жыйынында "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Баяндаманы Талантбек Узакбаев жасады. Талкууда депутат Бакыт Төрөбаев мыйзам долбоорунун концепциясын колдоорун айтып, тиешелүү каржылоо болбосо мыйзам кабыл алынгандан кийин аткарылбай калышы мүмкүндүгүн белгилеп, эл аралык донорлорлордон сырткары, КР Өкмөтүнөн дагы каржылоо зарылдыгын билдирди.

Идентификациядан алгач ири мүйүздүү мал (2014-жылы), андан кийин жылкылар (2015-жыл), кийин кой-эчки (2016-жыл) өтөөрү белгилүү болду. Ошол эле маалда идентификациялоо иш-чаралары пилоттук долбоор катары Чүй облусунан башталмакчы. Идентификациялоодогу малдын кулагына тагылуучу биркалардын сапаты, республиканын жер-шартына ыңгайлуу болуусу жана ветеринария кызматкерлеринин мыйзам бузуудагы жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери айтылды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоорунун негизги максаты – мал чарба азыктарын ветеринардык-санитардык жактан коопсуз өндүрүү, жаныбарлардан жана алардан алынган азыктардын эл аралык соодалашуусун өнүктүрүү болуп саналат.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД