Бишкек ТЭЦтин жетекчиси алмашты

Эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагындыктан Бишкек ТЭЦтин директору Юрий Фрик директорлук кызматтан кетти. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, директорлукка 1-апрелден баштап Бишкек ТЭЦтин мурдагы башкы инженери Андрей Воропаев дайындалган. "Электр станцияларынан" билдиргендей, Воропаев билими боюнча инженер-техник. Ал Бишкек ТЭЦте 1992-жылдан бери иштеп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД