Орус драмтеатрын убактылуу Нурлан Асанбеков жетектейт

Бүгүн, 3-апрелде, Нурлан Асанбеков Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драмтеатрынын көркөм жетекчиси жана башкы режиссеру кызматына дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Андан тышкары Асанбековго убактылуу Орус драмтеатрынын директорунун милдеттери да жүктөлгөн.

Тиешелүү буйруктардын бардыгына маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев кол койду.

Маалымат үчүн

Нурлан Асанбеков 1964-жылы Бишкек шаарында туулган. 1992-жылы Москва шаарындагы театралдык искусство академиясын аяктаган (ГИТИС), адистиги – музыкалык театрдын режиссеру.

2004-жылы Чикаго шаарында арт-менеджмент боюнча тажрыйба топтоп келген.

2006-жылы италия тилинде "Айыл намысы" спектаклин койгон.

2007-жылы "Кармен" операсын койгон.

2007-жылдан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчү мамлекеттик театрынын директору жана режиссеру.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД