Сауд Аравиясы Skype менен WhatsApp тиркемелерин мыйзам бузууда деп айыптады

Сауд Аравиянын коммуникация жана маалыматтык технология боюнча комиссиясы интернет аркылуу кат алышуучу Skype, Viber жана WhatsApp тиркемелерин жергиликтүү мыйзамды бузуп атат деп айыптады. Бул тууралуу Lenta.ru сайты Saudi Gazetteге шилтеме берүү менен билдирди.

Кайсыл мыйзамды жана ал кандайча бузулуп атканы так белгиленген эмес. Ошол эле учурда комиссия интернет-провайдерлерге тиркемени иштеп чыгуучулар менен тез арада байланышып, аларды жергиликтүү талапка жооп бергидей кылып иштеп чыгууну сунуштады.

Коммуникация боюнча комитет тараткан билдирүүдө "коомду терс көрүнүштөрдөн коргоого аракет кылуудабыз" деп белгиленет.

Комитеттин билдирүүсүнө чейин бир катар жергиликтүү ЖМКлар өлкө жетекчилиги жергиликтүү провайдерлерден колдонуучулардын жазышкандарын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылганын жазып чыгышкан.

Комитет өзгөчө Skype программасына карата бир топ дооматтарды койгон. 2012-жылдын октябрында бул тиркеме өтө атактуулукка жетишкен. Аны бир эле убакта 45 млн киши колдонушкан. Skype менен Viber интернет аркылуу телефон чалууга мүмкүндүк берсе WhatsApp текстик билдирүүлөр менен сүрөттөрдү алмашууга ыңгайлашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД