Октябр райондук сотунун төрагасы пара менен кармалды

Бишкек шаарынын Октябр райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу менен Жогорку cоттун аппаратынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу Башкы прокуратурага шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде аталган кызматкерлер Бишкектеги кафелердин биринен Г. А аттуу жарандан 3000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш кодексинин "опузалап пара талап кылуу", "пара алуу" жана "пара алууга арачылык кылуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган жарандардын камакка алынып-алынбаганы тууралуу маалыматты Башкы прокуратура бере элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД