Кыргызстандык акын эл аралык адабий сыйлыкка татыды

Кыргызстандык акын Вячеслав Шаповалов Орусиядагы "Русская премия" эл аралык сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Шаповаловдун "Евроазис" аттуу ыр жыйнагы сыйлыктын поэзия номинациясында мыкты чыгарма деп табылган. Сыйлыкты тапшыруу аземи 25-апрелде Москвада өтөт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу билдирди.

"Русская премия" бул орус тилинде жазган орусиялык эмес жазуучуларга бериле турган сыйлык. Ал дүйнөдөгү орус тилдүү акын-жазуучуларды колдоо максатында 2005-жылдан бери уюштурулуп келет. Буга чейин кыргызстандык жазуучу Талип Ибраимовдун "Чал жана периште" аттуу повести "Русская премия" сыйлыгын алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД