Сузак районунун Тайгараев айылындагы Көк-Арт дарыясынын жээги бекемделүүдө

Көк-Арт дарыясында суу нугун бууручу 8-коргоочу дамбаны коюу иштери 15-февралда башталган. Атайын сел коркунучун алдын алуучу иш-чаранын натыйжасында Көк-Арт дарыясына чектеш болгон 1056 турак-жайлар, 230 гектар сугат жерлери сел агымынан корголот. Аталган аймакта жээк бекемдөө иштеринин долбоору 2006-жылы бекитилген жана дарыя бойлото 17 атайын суунун нугун буруучу дамбалардын курулушу чечилген. Азыркы мезгилде аталган объектиде 5 коргоочу дамба курулуп, учурда өтө коопту делген 8-жээк бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу КР ӨКМнын басмасөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев аймактык башкармалыгынын башчысы Амангелди Асановдун айтымында, жыл сайын жаз айларында тоолордогу мөнгүлөр ээрип, ашыкча суу Көк-Арт дарыясына куюлат. Көк-Арттын суусу көп болгондуктан, кээде нугунан чыгып жээктеги суугат жерлерди, турак жайларга зыянын тийгизген.

"Жазга маал болуучу селдин кесепетинен жакынкы арадагы турак-жайларга, сугат жерлерге бир топ зыян алып келип, натыйжада азыркы мезгилге 93 гектар суугат жерди жууп кетти",- деп кошумчалады Асанов.

Адистердин айтымында, дамбаны таш менен курчоого 3100 м3 таш керектелет.Бүгүнкү күндө дамбаны бекемдөөдө 700 м3 таш төшөлүп, жумуштун 70 пайызы аяктады. Көк-Арт дарыясынын жээк бекемдөөчү жумуштары 15-апрелде толугу менен аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД