Москвада кыргызстандык жана өзбекстандык уурулар кармалды

Москва боюнча ИИМдин Башкы башкармалыгынан билдиргендей, түн ичинде аялдарга кол салган эки ууруну кармашкан. Алар 22 жаштагы кыргызстандык Дастан Аскаров менен 20 жаштагы өзбекстандык Отамурад Гапаров болуп чыкты.

Москва полициясынын маалыматына караганда, алар бир түндө эле үч жолу тоноочулук кылышкан. Алар эки кемпирди жана бир кызды тоношкон. Улгайган адамдын бирөөнү ооруканага алып барууга туура келген. Уурулар курмандыктарын муунтуп, уюлдук телефонун, акчасын жана баалуу буюмдарын тартып алышкан.

Кармалгандарга карата кылмыш кодексинин "Карактоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД