Бүгүн Аламүдүн жана Жайыл райондорунда электр жарыгы өчөт

Бүгүн, 4-апрелде, саат 9-00дөн 17-00гө чейин "Түндүк электр" ААК Жайыл жана Аламүдүн райондорундагы "Стрельникова" көмөкчордонунда жабдыктарды оңдойт жана "Кара-Балта", "Нур" көмөкчордондорунан тараган 6/10 кВ электр зымтиректрин алмаштырып, бактардын өскөн бутактарын тазалайт. Ошондой эле борбордо №№ 199, 34, 6, 703 трансформаторлорунда капиталдык оңдоо иштер жүрөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Оңдоо иштери болуп жаткан учурда, Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндөгү (Свердлов, Жданов көчөлөрүндө), Полтавка айылында, Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш, Таш-Дөбө (МТФ) айылдарында, Арашан айылынын (Молдобеков, Кошокбеков көчөлөрүндө), Таш-Мойнок айылында, Лебединовка айылынын бир бөлүгүндөгү (Восточная, Киров, 9-Мая, 8-Март, Чапаев, Северная көчөлөрүндө, Ленин, Победа проспектилеринде), борбордогу Репин, Хоперской; Шорин, Токтогул; Эркиндик, Киевский; Фрунзе, Абдумомунов; Киев, Тимирязев көчөлөрүнда электр энергия үзгүлтүккө учурайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД