Шахмат: Жохар Жаанбай уулу Азия чемпионатында үч позиция жогору көтөрүлдү

Шахматчы Жохар Жаанбай уулу 20 жашка чейинки балдар-кыздар арасындагы Азия чемпинатынын 6-турунун жыйынтыгы менен 12-позицияга көтөрүлдү.

Мелдештин расмий сайты маалымдагандай, алтынчы турда Жохар ливиялык Эль Жавиша Амрону утуп, турнирдик таблицадан 3 тепкич жогорулаган. Кыргызстандык оюнчу бардык мүмкүн болгон 6 упайдын 3,5 упайын топтогон.

Кыздар арасында болгон мелдеште кыргызстандык Айжаркын Шынгыз кызы алтынчы турда Бириккен Араб Эмиратынан келген Абеер Алини утуп, 36 катышуучунун ичинен 14-орунда келе жатат. Ал эми Айжан Алымбай кызы алтынчы турда атаандашына утулуп калган.

Белгилей кетсек, 7-апрелге чейин созула турган чемпионатта жаш оюнчулар 10 тур ойношот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД