Юстиция министри: Ишкерлерди коргоо үчүн мыйзамды алмаштыруу керек

"Ишкерлердин мүлкүн жана укуктарын толук түрдө коргоо үчүн мыйзамды жана Кылмыш-процессуалдык кодексти кайта карап чыгуу керек",- деп бүгүн, 4-апрелде, адилеттүү сот чечимдерине арналган семинарда юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мүлктү басып алуу боюнча учурлар бир нече жолу кайталанган жана соттор адилеттүү чечим кабыл алышкан эмес. Мындай аракеттер Кыргызстандагы инвестициялык климатка терс таасирин тийгизүүдө.

Министр ошондой эле ишкерлердин укугун коргоону адилеттүү сот чечимдери аркылуу камсыз кылуу керектигин билдирди. "Мыйзамдын бузулушу жана соттордун адилетсиз чечим чыгаруусуна сапатсыз мыйзамдар себеп болууда. Көпчүлүк мыйзамдар кайталанып калган же, бир бирине карама-каршы келет. Ушундан улам аны такай анализдеп жана мыйзамды тууралап турууга туура келет", -дейт министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД