Бишкекте оппозиция менен бийликтин жолугушуусу башталды

Бишкекте оппозиция менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды. Бийлик тараптан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Экономика министри Темир Сариев, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана акыйкатчы Турсунбек Акун катышууда.

Жолугушууда камалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Нариман Түлеевдин да өкүлдөрү бар.

Бириккен прогрессивдүү күчтөр кыймылынын өкүлү оппозиция өкүлдөрүнүн талаптарын айтты. Алар: камалган депутаттардын маселесин чечүү, кытай экспансиясынын коркунучу, Кумтөр маселеси жана башка кен жерлери, жерди трансформациялоого тыюу салуу, апрель окуясындагы тоноочуларды камоо жана Конституцияны өзгөртүп, аны 1997-жылкы абалына кайта алып келүү үчүн референдум өткөрүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД