Депутат: Экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча курал бул даават

"Кыргызстандагы диний кырдаал кандай? Орто Азияда Кыргызстандагы диний кырдаал жакшы деп айтылып келет. Эмнеге ошондой деп бааланууда? Мына жакында эле дааватчылыкты жабабыз деген сөздөр болуп атканын кулагым чалып калды. Экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча курал бул даваат. Аны жакшылап анализдөө керек". Мындай пикирин төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 4-апрелдеги, жыйынында билдирди.

Ал өз сөзүндө бул маселени кылдат анализдеп чыгуу керектиги боюнча өкмөттүн өкүлүнө кайрылды. Зулпукаров ошондой эле бул дааватчылардын иштерин экстремисттик аракет катары баалагандар да бар экенин белгиледи. "Алар өз иштерин жакшы алып барып атат деп ИИМден кат келип атат. Ошол эле учурда кээ бир тараптар буларды экстремисттик уюм деп атап атат. Ушул темада тактап бир жолго салалы, талкуулайлы",- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД