Депутаттар алардын айткандарын туура эмес чагылдырган ЖМКларга нааразы болушту

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү, 4-апрелдеги, пленардык жыйында алардын айткандарын кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары туура эмес чагылдырып атканын билдиришти.

Депутат Улукбек Кочкоров анын Жогорку Кеңеште айткан сөзүн "Мир" телеканалы бурмалап бергенин айтты. "Бул каналдан 1-апрель күнү "Кыргызстандын парламентинде тамашалуу эмес маселе көтөрүлдү. Жогорку Кеңештеги орусиялык журналисттерди аккредитациясынан ажыратуу боюнча маселе көтөрүлдү", - деген маалымат кетти. Мен айтат элем, бул жерде эч кандай андай маселе көтөрүлгөн эмес. Ушундай туура эмес маалыматтан улам эки өлкө ортосундагы мамилеге доо кетип калышы мүмкүн",- деди ал.

Кочкоровдун айтымында, 27-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында жерди трансформациялоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун кароо учурунда журналисттер анын айткандарын бурмалап беришкен. Депутат "эгер журналист кыргыз тилин жакшы түшүнбөсө, анда Жогорку Кеңештин жыйындарына кыргыз тилин жакшы түшүнгөн журналисттер келсин,- деп билдирген эле.

Ошондой эле бир катар депутаттар интернет ресурстарына да туура эмес маалыматтар чыгып атканын айтышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков депутаттардын мындай нааразычылыгына жооп берип атып, ЖКнын басмасөз кызматына интернетке чыккан материалдарды карай турган кызматкер алынып атканын билдирди. "Өткөндө сиздерден ушундай сунуш түшкөн. Азыр жаңы кызматкер алынып атат. Ал ушул интернет ресурстарына чыккан маалыматтарды көзөмөлдөп турат", - деди төрага.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД