Текебаев оппозицияны сүткорлого каршы чогуу күрөшүүгө чакырды

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 4-апрелде, оппозиция менен болгон жолугушууда микрофинансылык уюмдардын маселеси боюнча биргиликте иштөөнү сунуштады.

"Микрофинансылык уюмдар бир жылда 8 млрд сом пайда табышат. Биз болсо айыл-чарбасына 1 млрд сом бөлө албай атабыз. Азыр биз сүткорлор менен күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуудабыз. Чогуу иштешүүгө чакырам", - деди ал.

Оппозициянерлер тарабынан көтөрүлгөн кытай тараптын экспансиясы тууралуу маселеге оюн билдирген Текебаев жыл сайын "кытай жарандарынын саны Кыргызстанда өсүп атканын" билдирди. "Быйыл 15 миң кытай жаранынын келүүсүнө уруксат берилди",- деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД