Оппозиция жана бийликтин жолугушуусунда сотторду тандоону токтотуу керек делинди

Оппозиция менен бийликтин бүгүнкү, 4-апрелдеги, жолугушуусунда коомдук активист Рита Карасартова кандай болсо да сотторду тандоону токтотуу керектигин билдирди.

"Жарандык коом сот системасын реформалоодо утулуп калганын моюнга алышыбыз керек. Азыр жогорку сот калыптанып, жергиликтүү сотторду тандоо жүрүүдө. Бирок биз аскер жана айылдык сотторду жок кылышыбыз керек болчу. Сотторду тандоо кеңеши бул тандоолорду шоу кылып ийди. Мен бардык сотторду эле сатылган деп айта албайм, ошентсе да ал жакка кандайдыр бир топтордун көмөгү аркылуу өтүп кеткендер бар", -деди ал.

Карасартова сотторду тандоону токтотуп, жаңы сот корпусун инвентаризация кылуу керектигин сунуштады. "Соттор окшош эле чечимдерди кабыл алууда. Азыр көтөрүлүп аткан маселелердин барын сотто эле чечип алса болмок", -деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД