Азия чемпионатына катышуу үчүн кыргызстандык кол күрөшчүлөр тандалат

28-апрелде Бишкек шаарында аялдар жана эркектер арасында кол күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.

Кыргызстандын кол күрөш боюнча федерациясынын президенти Александр Ли алдыдагы мелдеште Азия чемпионатына катыша тургандар тандалаарын "ВБ"га билдирди.

Азия чемпионаты 28-майдан 3-июнга чейин Казакстандын Тараз шаарында өтөт. "Мелдештин чемпиондору жана байге ээлери жыл бою Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге катышат", -деди ал.

Эркектер арасындагы Кыргызстандын чемпионаты беш салмак категориясында өтүп, оң жана сол колдордун күчтөрү да сыналат. Ал эми аялдардын мелдешинде эки комплект медаль ойнотулат.

Андан сырткары, мелдеш 21 жашка чейинкилер арасында да үч салмак категориясы боюнча өтөт. Ошондой эле 40 жаштан жогору ардагерлер арасында эки категория боюнча өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД