Ош шаарында курулуп жаткан аялдардын мечитине 3 млн сом кетет

Ош шаарындагы борбордук "Имам-АльБухари-Алай" мечитинин аймагына казыяттын демилгеси менен аялдардын мечити курулууда. Бул тууралуу Оштун казысы Убайдулла ажы Сарыбаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, мечит 120 кишиге ылайыкталган. Аны курууга эки ай жумшалып, жалпысынан 3 млн сом кетет.

"Ош шаарынын жана жакынкы айылдардын тургундары курулуш иштерине активдүү жардам берүүдө. Кээси курулуш материалдарын алып келсе, кээси кол кабыш кылып атат. Алардын баардыгынын тилеги – аялдардын намаз кылуусуна шарт түзүп берүү", -дейт Сарыбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД