Оппозиция бийлик менен болгон жолугушууга ыраазы болгон жок

Оппозиция менен бийликтин бүгүнкү жолугушуусу эки саатка созулду. Жолугушууда негизинен Кумтөр маселеси жана Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум жасоо керектигин талкууланды.

Бул жолугушууга вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экономика министри Темир Сариев, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, акыйкатчы Турсунбек Акун жана оппозициянын өкүлдөрү катышты.

Оторбаев жолугушуунун жыйынтыктарына ыраазы болуп, кийин да ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу керектигин белгиледи.

"Мындай жолугушуулардын азыр уюштуруп атышы, элдин бийликке болгон нааразычылыгы өсүп атканынан кабар берет. Бул жерде Кумтөр, миграция өңдүү маселе көтөрүлдү. Эл суроолоруна жооп ала албай атат, ал эми бийлик өз позициясын элдин калың катмарына жеткире албай атат. Ошондуктан ушундай жолугушуулар уюштурулууда",- деди Акун.

Ошентсе да оппозициянын өкүлдөрү жолугушууга ыраазы болгон жок. Садыр Жапаровдун иниси Дөөлөтбек жолугушууну пайдасыз деп эсептейт. "Мындай жолугушуулардын жыйынтык чыкпайт", -деди ал.

Ал эми Жекшенбек Шамыралиевдин айтымында, оппозициянерлер жолугушууну башка өңүттө болот деп күтүшкөн. "Оппозициянын 15-20%ы гана келди, салмактуулары келген жок. Ал эми бийлик тараптан айта турган болсок, президенттик аппараттан эч ким келген жок. Бул бийликтин элди тынчтандырууга кылган гана аракети. Болгону ушул. Мындай жолугушуулар аркылуу алар терс көз карашты гана чогултат", -деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД