Кыргызстандык мушкерлер эл аралык турнирде эки коло медаль утушту

Кыргызстандык мушкерлер Казакстандын бокс федерациясынын ардактуу президенти Аскар Кулибаевдин байгеси боюнча уюшулган эл аралык турнирде эки коло медаль утушту. Бул тууралуу Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, 80 кг чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашкан Александр Панарин жана Ильяс Ахмедов коло медалды утуп алышкан. "Алар финалдык беттеште атаандаштарына утулуп калышты", - деди Бекболотов.

Казакстандын ЖМКлары билдиргендей, турнирге 10 салмак категориясы боюнча 140 боксчу катышкан. Мелдешке Орусия, Армения, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын 16 аймагынан келген мушкерлер катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД