Жер кодекси Баш мыйзамга шайкеш келтирилет

"Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору бүгүн, 4-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Эсенгул Исаков долбоор аркылуу иштеп жаткан мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү белгиленгендигин түшүндүрүп берди. Анда Жер кодексинде жайыттар жана чабынды участоктору менчикке берилиши мүмкүн деп жазылып калган. Ал эми Башмыйзамда болсо жайыттар мамлекеттин менчиги катары каралган.

Айрым жагдайлар такталган соң, мыйзам долбооору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД