"Эмгек сиңирген мал доктур" наамын белгилөө демилгеси сунушталып жатат

Жогорку Кеңеште депутаттары тарабынан "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү менен, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ветеринардык врачы" наамын белгилөө демилгеси сунушталып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, ветеринария тармагынын өлкө турмушунда ээлеген орду өзгөчө, ушу тапта ветеринардык кызматтын мааниси андан бетер артып барат. Мал ылаңы адамдардын ден соолугуна да, чарбачылыкка да өзүнүн кесепетин тийгизүүдө.

Мыйзам долбооруна өкмөт терс корутундусун берген. Ушу тапта 27 категориядагы адистерге ушундай наам бар, наамга ээ болгондордун эмгек акысына 800 сом кошумча каражат төлөнөт жана ветеринарларды "Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" наамына эле кошуп койсо болот.

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД