Ысык-Көл облусунда табылган баалуу ташты түн ичинде ташып кетишүүдөбү?

"Марал FM" радиосунун маалымдашынча Ысык-Көл обласунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылында салмагы божомол менен 100 тоннага жакын баалуу таш табылды. Ал кандай баалуу таш экени тактала элек. Алдын ала маалыматтарга ылайык нефрит болушу мүмкүн.

Радио атын атагысы келбеген жарандын маалыматына таянып, табылган баалуу ташты өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Мирбек Асанакунов өзү жашыруун ташып, маалыматты сыртка чыгаргандарды коркутуп жаткандыгын маалымдады.

Өз кезегинде радиого берген маегинде Асанакунов андай маалыматтарды четке каккан.

Асанакуновдун айтымында, белгисиз бирөөлөр атайын техника менен келип, баалуу ташты чыгарып кетүүгө аракет кылган. Жергиликтүү калктын каршылыгы менен андан натыйжа чыккан эмес. Өкмөттүн өкүлү маалыматты сыртка чыгарбоо үчүн жогору тараптан телефон чалуулар болгонун жашырган жок. "Мен да өтүгүмдү кийип алып, ошол жакты барып көрдүм. Өңү кочкул жашыл түстөгү таш экен. Ал таш чындап эле нефритпи же, андай эмеспи аны адистер такташат", -дейт Асанакунов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД