ЖМКга жайгаштырылган экстремисттик материалдарга каршы күрөш күчөтүлөт

Жогорку Кеңеште өкмөт тарабынан сунушталган "Электр жана почта байланышы жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору маалымат каражаттарында жайгаштырылган экстремисттик материалдарга каршы күрөштү күчөтүү максатында иштелип чыккан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасы Жусупали Исаевдин айтымында, мыйзам долбоору басылмалар, жалпыга маалымдоо каражаттары, маалымат сайттары аркылуу экстремизм, терроризмге чакыруучу маалыматтарды табууга, аныктоого, материалдар табылган жеринде кылмыш ишин козгоого жана аны уюштурган жактарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, 2012-жылы 13 экстремисттик веб-сайт жабылган. Ошондой эле, быйыл өкмөттүн расмий веб-сайтына хаккердик колсалуу катталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД