Орусияда "Айтматов ааламы" аттуу балдардын сүрөт конкурсу өтөт

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги "Мигранттарды колдоо борборунун" көмөгү менен "Айтматов ааламы" аттуу балдардын сүрөт конкурсун жарыялады.

Элчиликтен билдиргендей, бул конкурс Орусияда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын белгилөө боюнча жасалып аткан иш-чаралардын бири.

"Улуу жазуучунун чыгармалары боюнча тартылчу сүрөт конкурсу Орусиядагы кыргызстандык жарандардын балдары арасында 10-апрелден 20-майга чейин өтөт",- деп элчиликтин үчүнчү катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Ал ошондой эле конкурска 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар катышарын кошумчалады. "Сүрөт Айтматовдун чыгармачылыгын же, анын чыгармаларындагы каармандардын образын ачып берүүгө багытталса да болот. Катышуучулар өз эмгектерин түрдүү карандаш, аппликация, акварель жана башка ыкмаларда тартса болот. Тартылган сүрөттөрдү Москва шаары, Большая Ордынка 64, ""Айтматов ааламы" аттуу балдардын сүрөт конкурсуна" деп жөнөтүшсө болот",- дейт катчы.

Конкурстун жыйынтыгына ылайык, биринчи орун – телевизор, 2-орун планшет компьютер жана 3-орунга фотоаппарат ыйгарылат. Сыйлык тапшыруу 27-майда элчиликте өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД