Нарын: Лабораториянын жоктугунан эт экспортко чыкпай жатат

Нарында өндүрүлгөн эт лабораториянын жокутугунан улам өлкө тышына экспорттолбой атат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Канатбек Муратбеков 3-апрелде журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Кытай жана Иран облуста өндүрүлгөн этти алууга кызыктар, бирок этти экспортко чыгарууну уюштуруу үчүн өлкөдө шарт жок.

"Чет жактагылар Нарында өндүрүлгөн кой этинин бренд экенин билет. Анткени бул эт экологиялык таза продукция болуп эсептелет. Бирок, өлкөдө лабораториянын жоктугунан биздин эттер экспортко чыкпай атат. Анткени дүйнөлүк стандарттарга туура келген корутунду чыгарылбайт. Анан калса мал доктурлар да жетишсиз. Негизинен бул багытта жеке тараптар гана иштеп атат. Бирок алар аймактагы эпизоотикалык абалга жооп беришпейт",- деди Муратбеков.

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча атайын өкүлү кытай тарап менен да этти сатуу боюнча сүйлөшүүлөр болгонун белгиледи. "Алар күнүнө миң тонна кой этин алабыз дешти, бирок анча этти күн сайын өндүрүү үчүн облустун мүмкүнчүлүгү жок", - деди Муратбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД