"Датка" подстанциясынын курулушу аяктоо алдында турат

"Датка" подстанциясын куруудагы эң татаал иштер аяктады",- деп "Улуттук электр тармактары" ААКтын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Ал подстанция болжолдонгондой эле бир жылда тургузулганын кошумчалады.

"Учурда Күрпсай ГЭСинен 220 кВ линияны тартуу иштери жүрүп атат. Май айынын башында 500 кВ линия менен да иштер башталат. Ал коңшу Өзбекстандан тартылып келет. Быйылкы күздө Ош, Жалал-Абат жана Баткен облустарынын тургундары атамекендик электр энергияны өзүбүздүн электр тармактары аркылуу алып калышат",- деп Акылбек Түмөнбаев ишендирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД