"Кыргызгазды" менчиктештирүү маселеси "Газпром" менен талкууланды

Вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кечээ, 4-апрелде, Орусиянын энергетика министринин орун басары Анатолий Яновский менен "Газпром" ААКтын төрага орун басары Валерий Голубевди кабыл алды. Бул тууралуу КР өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда "Кыргызгаз" ААКтын мамлекеттик акцияларынын пакетин "Газпромго" менчикке берүү маселелери талкууланган.

Тараптардын бул маселе боюнча бирдей пикири жана сүйлөшүүлөр конструктивдүү нукта өтүүдө деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД