Геология агенттиги: Нефрит түштүк аймакта гана табылып келген

"Ысык-Көл облусунда жакшы сапаттагы нефрит табылды деген маалымат - бул сейрек кездешүүчү нерсе". Бул тууралуу Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинен "ВБ"га билдиришти.

Эскертсек, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондагы Чоң-Кызыл-Суу айылында салмагы болжол менен 100 тонна болгон баалуу таш табылганы тууралуу бир катар ЖМКларда маалымдалган. Жергиликтүү тургундардын айтымында ал нефрит болушу мүмкүн.

Агенттиктин адистери Кыргызстандын аймагында нефрит бир гана түштүк аймакта табылганын белгилешти. Ошондой эле ведомстводон аларга аймактагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлүнөн ташты текшерип берүү боюнча өтүнүч кат келбегенин билдиришти.

Белгилей кетсек, кечээ, 4-апрелде, өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Мирбек Асанакунов "ВБ"га таш табылган аймакка барганын айтып, бул баалуу таштын нефрит болушу мүмкүндүгүн билдирген эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД