Ош облусунда сот аткаруучу пара менен кармалды

Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгына бир аял кайрылып, алимент алуу үчүн керектүү документтерди толтуруу үчүн Өзгөн районунун сот аткаруучу кызматынын башкы кызматкери 100 доллар пара доолаганын билдирген. Бул тууралуу аталган кызматтын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сот аткаруучуга аял миң сом берип, калганын кийин берем деп сөз берген.

29-мартта ыкчам топ 3 700 сом пара алып жаткан жеринен сот аткаруучуну кармашкан.

Ош облусунун прокуратурасы пара алуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД