"Манас" аэропортунан жүргүнчүнүн жанынан 2 кг жакын маңзат табылды

Кечээ, 4-апрелде эл аралык "Манас" аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматы жана МУККнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери Бишкек – Красноярск багыты боюнча уча турган жүргүнчү аялды текшерүү учурунда анын жанынан маңзат табылган. Бул тууралуу эл аралык "Манас" аэропортунун басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, аялдын жүктөрүнүн арасынан 1 кг 850 г ачык түстөгү майдаланган зат табылган, ал героин болушу мүмкүн.

Аял кармалып, анын иши МУККнын кызматкерлерине берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД