МКК жасалма паспортторду жасоого тиешеси жок

"Эгер кайсы бир жерде жасалма паспорттор жасалып жатса Мамлекеттик каттоо кызматынын кандай тиешеси бар?" – деди бүгүн, 5-апрелде, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Анарбек Калматов.

"Биз ЖМКлардан МКК жасалма паспортту жасайт деп окудук. Бирок мен МКК менен кайсы бир жерде, электрографикалык ыкма менен жасалма паспорттор жасалат деген фактынын ортосунда эч кандай байланыш көрбөй жатам. Чиновник болуп туруп, ушундай билдирүү таратуу обужоктук", - деди депутат.

Анын айтымында, эгер жасалма паспорттордун жасалып жаткандыгы тууралуу маалымат такталса, бул ишти укук коргоо органдары алып барыш керек.

Андан тышкары, МКК мындай маалымат кайдан түшүп жаткандыгы тууралуу да так айтып бериш керектигин Калматов белгилей өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД