Шахмат: Айжан Алымбай кызы Азия чемпионатында 14-орунга көтөрүлдү

20 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы Азия чемпионатынын жетинчи туру аяктады. Мелдештин расмий сайтында маалымдалгандай, Айжан Алымбай кызы чемпионаттын 7-турунда непалдык оюнчу Адхикари Асмитти жеңип алды. 7-турнирдин жыйынтыгы менен Айжан 4 упай топтоп, үч баскыч көтөрүлүп, азыр 14-орунда турат.

Ал эми Айжаркын Шынгыз кызы 7-турдагы оюнда утулуп, 3 тепкич төмөн түштү. Азыр ал 17-орунда турат.

Балдар арасындагы мелдеште Жохар Жаанбай уулу Бириккен Араб Эмиратынан келген Салем Салехке утулуп калды. Анын карамагында дагы деле 3,5 упай бар. Ал турнирдик таблицада 15-орунда келе жатат.

Эскертсек, чемпионатта 10 тур болот жана ал 7-апрелде аяктайт. Чемпионатка 70 жаш шахматчы катышууда. Алардын 36сы кыздар, 34ү болсо балдар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД